Бүгүн, 3-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "Медиафорумдун" алдына митингге чыгышты. Акция "Эски элита кетсин! Жаңы лидерлер келсин!" деген ураандын астында өтөт.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев митинг өткөрүү тууралуу сүйлөп жатып, "бир нерсе болуп кетип, кимдин каны төгүлсө, менин каным төгүлсүн, кимдин жаны кетсе, менин жаным кетсин" деп айткан. Ошондой эле ал митингге сөзсүз катышарын дагы кошумчалаган.
Митингдин жүрүшү боюнча фоторепортажды көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз.
Атамбаевдин сөзүнөн кийин митингди уюштурган штаб резолюциясын окуду.
Бүгүнкү тынчтык митинги жыйынтыкталып, келгендер үйлөрүнө тарап жатышат.
"Сооронбайга айткам, биз чөнтөктөгү телефонду жакшылап кармаганды билбейбиз. Анан кыргыз жерин өнүктүрөбүз, жаштарга берели дегем. Айрымдар Атамбаев бийликке барыш үчүн элди топтоп жатат деп жатышат. Дагы бир жолу айтып коёюн, мага эч кандай бийликтин кереги жок. Азыркы бийлик 1 жылга чейин эле иштейт.
2-3 талап коюш керек. Биринчиден, парламент тарасын. Мөөнөтүнөн эрте шайлоо деген бар. Экинчиден, өкмөт отставкага кетип, ордуна элдик өкмөт шайлансын. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы, УКМК, прокуратура өздөрү да жоопкерчиликке тартылсын", - деди Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев трибунага чыгып "мен дагы сүйлөп калайын" деп буларга токтолду.
"Мээрбек инимден кийин сөз сүйлөш абдан кыйын. Мискенбаевдин жадакалса үйү жок, батирде жашайт. Ушу Мискенбаев коррупционер экен да. Менин кол тийбестигимди ала берсин. Бирок ага окшогон жаш балдар көп кордук көрүп жатышат. Мына Дамир Мусакеев түрмөдө отурат. Ал эми 21 жаштагы студентке Кыргыз өлкөсүнөн чыкканга тыюу салып коюптур.
Кыргыз мамлекетинде эки төңкөрүш болду. Революциянын болушуна бийлик өзү алып барат. Бийликтин көзүн май, чел басканда эл ушинтип кордук көрүп баштайт. Аягында карапайым калк чыдабай көтөрүлүп, кыйынчылык болот. 2010-жылдагы революцияда Кыргыз жергеси экиге бөлүнүп кете жаздаган".
Мээрбек Мискенбаев: "Эртеден бери мыйзам иштебей жатат деп жатабыз. Азыркы бийлик окуганды билбейт. Парламентти "чимкирик" деп жатасыңар. Ошол "чимкириктер" менен 1 жыл иштегем. Мен билгем ушулардын "чимкириктер" экенин, ошол үчүн кеткем парламенттен. Кеп өкмөттө эмес, "чимкириктерде" эмес, кеп президентте".
Учурда жаш активист Азамат Баяманов өз пикирин билдирип жатат. Ал Алмазбек Атамбаевдин учурунда жер-жерлерге карап бөлүнүү болбогонун айтат. Ал парламентте отуруп элди бөлүп-жаргандардын кетишин талап кыларын, мыйзам иштебей жатканын кошумчалады. "Атамбаевди саткандар Жээнбековду дагы сатат. Мен Атамбаевдин камалышына жол бербейм! Керек болсо Өмүрбек Токтогуловичти алып келип алабыз. Бизди Атамбаев өзү колдоп алат!".
Асел Кодуранова: "Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө мыйзам иштебей жатат. Бийлик рейдерлик басып алуу менен партияны экиге бөлүп салды. Бирок биз аягына чейин күрөшөбүз.
Алмазбек Атамбаев тарыхта кала турган президент. 6 жыл ичинде Кыргыз жергеси үчүн көп нерсе жасады. Айрымдарыбыз аны азыр түшүнүп жатабыз. Кээ бири дагы эле түшүнө элек. Жогорку Кеңеш Конституцияны бузду. Мен ойлойм, бүгүнкү парламент жоопкерчилигин моюнга албай жатат. Алар Атамбаевди эл душманы кылып салды".
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков: "Алмазбек Атамбаев, сиз тарыхта жакшы ат менен каласыз. Саясатчылар, жакшылап ойлонгула, бул заман бат эле өтүп кетет. Тарых барын тастыктайт. Атамбаевдей болуп кеткиле, чогуу кеткиле. Алмазбек Шаршеновичти кийинки президенттикке сурансаңар дагы барбайт. Анткени ал баарын жасап кетти. Силер дагы Атамбаевдей болуп өз эркиңер менен кетип калгыла".
Равшан Жээнбеков: "Бүгүн маанилүү күн. Аябай көп киши келипсиңер. Адатта 300дөй эле киши чогулчу. Бүгүн миңдей адам чогулупсуңар. Мен эки нерсени айткым келет. Биринчиси, бийлик тараптан көп каталар кетип жатат. Өзгөчө оппозиция болом дегендерге мыйзамсыз, адилетсиз мамиле болуп жатат. Эгер президент тынч отурса азыркыдай иштер жасалат беле? Бийликке каршы пикир айткандарды куугунтуктап баштайт.
Сооронбай Шарипович, ким сизге кеңеш берип жатса, анда сизди аңга түртүп жатат.
Экинчи маселе, келечектүү мамлекет. Мен каалаган, күрөшүп келе жаткан мамлекетте өкмөттүн, соттун, сөз эркиндигинин эгемендүүлүгү, жарандык коомдордун курчтугу, күчтүү оппозициянын болушу керек. Бийликти сындаганды, алардын туура эмес кылып жатканын айтканды үйрөнүшүбүз керек.
Эгерде бийлик сүйлөшүүлөргө барбай, күч менен сындырам деген болсо суранам, сындыртпагыла, каматпагыла. Кыргыз өлкөсүнө күчтүү оппозиция керек. Күчтүү оппозицияны Атамбаев гана түзө алат".
Ош облусунун тургуну Урмат Шакиров: "Менин айтайын дегеним, мыйзам иштебей жатат. Мыйзам иштесин. Мамлекет ар бир жарандын укугун коргош керек. Мен айтаар элем, адилеттүүлүктү талап кылалы, адилеттүүлүк болсун!".
Мирбек Айтикеев Кочкордон келген митингдин катышуучусу Аралбек аксакалды чакырды.
"Мен бүгүн Кочкордон атайын келдим. Өкмөттүн кылганын карап отура алган жокмун. Коюлган күнөөлөрдүн бири дагы далилденбейт. Өсүп келе жаткан балдарды камап жаткан бийлик бийликпи? Бийлик эмес. Атамбаевдин учурунда баары иштеп, оңдолуп жаткан. Азыр токтоп калды. Ынтымак болсо баары болот. Ынтымактуу бололу".
Ирина Карамушкина: "Бул жерге өлкөдөгү тынчтык үчүн чогулдук. Конституциянын мыйзамдарына ылайык, оюбузду ачык айтууга укуктуубуз. Мындан 10 жыл мурда 7-апрелде өлкөдө чоң трагедия болгон, ар бир үй-бүлөнүн башына оор күн түшкөн. Алар силердей болуп акыйкат издеген, талап кылган. Артка жол жок. Туура жолдо бара жатабыз. Жеңиш биз тарапта болот".
Кундуз Жолдубаева жети дубандын өкүлдөрү барбы деп сурап, сөз сүйлөп баштады. Ал бир аптанын ичинде Атамбаевди колдоо максатында 10 миңге жакын адам топтолгонун билдирди.
Алмазбек Атамбаев "Форумдун" алдына чыкты. Митингге келгендер кол чаап, кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды.
Тимур Сабырбеков митингге келгендерге дем берип, патриоттук темадагы чыгарманы аткарууда.
Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева: "Митингде "Айкөл Ала-Тоо" жана башка коомдук бирикмелеринин жигиттери коопсуздукту карап жатышат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча чагым чыгаруу үчүн спорттук дене түзүлүштөгү балдарды дайындап жатышыптыр. Баары мыйзам чегинде өтүшүнө аракет кылып жатабыз. Митингге келгендерге чагымчылдыкка жол бербейли деп эскертип жатабыз".
КСДПнын юристи: "Бүгүнкү митингде талаптар гана айтылып, тынч болот. Провокациялык көрүнүштөр бийлик тараптан болуп келет. Бирок тынч өтөт деп ойлойм".
Таластан келген митингдин катышуучусу Болот: "Алмазбек Атамбаевди колдоо үчүн Талас облусунун өкүлү катары келдим. Бирок "Элдик штабдын" мүчөсү эмесмин".
Кой-Таштан чыккан митингчилер "Медиафорум" имаратынын алдына топтолушту. Бир нече мүнөттөн кийин иш-чара башталат.
Алмазбек Атамбаев баштаган жүрүштүн катышуучулары Бишкекке келишти.
Ал эми Бишкектеги "Медиафорумдун" алдында Атамбаевдин тарапташтары чогулууда. Алардын арасында депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана башкалар бар.
Уюштуруучулар: "Кыргыз өлкөсү Жээнбековдордун, миллионерлердин өлкөсү эмес! Кыргыз мамлекети менин өлкөм, сенин өлкөң! Мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган жарандар биздин катарга кошулуңуздар".
300дөй адам КСДПнын желегин желбиретип, унаалар менен тынчтык митингине бара жатышат.
Митингдин уюштуруучулары "Адилетсиз, акыйкатсыз бийликке каршы уюштурулган тынчтык митингибизге кошулуңуздар" деген чакырык жасашууда.
Мурдагы президент жана анын тарапташтары Бишкекти көздөй жолго чыгышты.
Учурда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары "Медиафорумдун" алдына митингге чыгууга даярданып, маршруттук унааларга отурууда. Атамбаев отурган унаа Кой-Таштагы үйдөн чыгып кетти.