Бүгүн, 3-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 14:47де экс-элчи Кылычбек Султан УКМКга сурак бергени кирди.
Ал кечээ Кой-Ташка барып экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолуккан. Ал эми бүгүн эртең менен УКМКнын оперкызматкерлери Кылычбек Султандын үйүнө суракка чакыруу кагазын тапшырып кеткени белгилүү болду.