"Алмазбек Атамбаевге таарынгыдай парламент кыз эмес" дейт төрага

"Алмазбек Атамбаевге таарынгыдай парламент кыз эмес" деп бүгүн, 3-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

Журналисттер эмне себептен Атамбаев боюнча маселе буга чейин көтөрүлбөгөнүнө кызыкты.

"Бул маселе таарынычтан улам кабыл алынган жок. Буга чейин ал президент болуп турганда укук коргоо органдары көп нерсени ачыктабай келген. Биз мыйзамдуулукка жол ачтык. Учурда ишти тиешелүү органдар жүргүзүүдө, биз юридикалык баа бере албайбыз", - деди Жумабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан