3-июлда футбол боюнча өлкө Кубогунун чейрек финалдык оюндары орун алды. Ош шаарында "Алай" "Нефтчини" кабыл алып, жеңилүүгө аргасыз болду. Кочкор-Атанын командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетишип, "Алайды" мелдештен четтетти.
"Дордой" Бишкекте "Кара-Балта" менен ойноп, 4:0 эсебинде жеңди. "Алга" менен "Абдыш-Ата" негизги бөлүктө жеңүүчүнү аныктай албай, пенальти сериясы орун алды. Анда бишкектик команда 4:3 эсебинде таамай болду.
Ысык-Көлдүн "Лидер" командасы "Академияны" 7:0 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды.
Жыйынтыгында жарым финалда "Дордой" - "Алга" жана "Нефтчи" - "Лидер" беттештери орун алат. Жарым финалдардан тарта командалар бири-бири менен эки жолудан ойношот.