Мадриддик "Атлетико" 19 жаштагы португалиялык Жоау Феликсти "Бенфика" клубунан сатып алды. Испаниялык клубдун расмий сайты билдиргендей, футболчунун баасы 126 миллион еврону түздү.
Феликс эми португалиялык футболчулардын арасынан эң кымбат болуп саналат. 2018-жылы Криштиану Роналду "Реалдан" "Ювентуска" 112 миллион еврого өткөн.
Ошондой эле Феликстин "Атлетикого" өтүшү футболдогу эң кымбат трансферлердин төртүнчү сабында болуп калды. Эң кымбат трансферлердин башкы сабында Неймар, Килиан Мбаппе жана Филиппе Коутиньо турат.