Мушкер Бусурманкул Абдибаит уулунун M-1 Global`дагы мелдеши жылдырылды

Белгилүү мушкер Бусурманкул Абдибаит уулунун M-1 Global`дагы беттеши жылдырылды. Бул маалыматты спортчу өзү тастыктады.

Маалыматка ылайык, мушкердин 5-беттеши 20-июлда Ингушетиянын Таргим шаарында M-1 Challenge 103: Battle in the Mountains 8 турниринин алкагында өтмөк.

"Турнир Ингушетияда болуп жаткан административдик өзгөрүүлөрдөн улам жылдырылды. Беттеш качан болот азырынча белгисиз", - деп билдирди спортчу.

Аталган мелдеште Бусурманкул Абдибаит уулу украиналык Андрей Лежнев менен кез келмек.

Буга чейин Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуров отставка сурап Путинге арыз жазган. Өлкө башчысы улуттук телеканалынан атайын билдирүү жасап, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан