4 кыргыз спортчусу спорт чебери наамын алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик агенттиктин буйругуна ылайык, аталган наамды 2 спорт түрүнүн өкүлдөрү алышкан.
Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамынын ээлери:
Софья Ахмедова - сууда сүзүү;
Тилек Мамасалиев - самбо;
Айбек Бактыбек уулу - самбо;
Аманат Алтынбек уулу - самбо.