Белгилүү төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасады. Акындын чыгармасы социалдык тармактарга жарыяланды.
Аталган чыгармада акын өлкөдөгү карапайым эл жана бийликте отурган адамдар тууралуу ырдаган. Ал өз сөзүндө Кыргыз өлкөсү эгемендикти алгандан бери бардык бийлик өкүлдөрү элдин ырысын уурдап, байып жаткандыгын билдирип, "жыйганыңарды жыйынып, өлкөдөн чыгып кетсеңер жарашмак" деген сөздөрүн айткан.
Ошондой эле ырчы Кыргыз өлкөсүндөгү азыркы саясий абалды, элдин жашоо деңгээлин өз термесине кошо кеткен.