Америкалык мушкер Хорхе Масвидаль атаандашын 5 секундда нокаутка учуратты

Америкалык мушкер Хорхе Масвидаль атаандашын 5 секунддун ичинде нокаут менен жеңип, дүйнөлүк рекордду жаңылады.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, "UFC 239" мелдеши АКШнын Невада штатында 7-июлда башталган. Анда Хорхе Масвидаль Бен Аскрен менен кез келип, беттеш 5 секундга созулган. Масвидаль мелдеш башталганда атаандашынын башына буту менен тээп нокаутка учураткан.

Бул нокаут UFC`нин тарыхындагы эң ылдам деп бааланып калды. Буга чейин эң бат жасалган нокаут 1996-жылы катталган. Анда мелдеш башталганына 8 секунд болгондо беттеш нокаут менен жыйынтыкталган.

"UFC 239": Хорхе Масвидаль атаандашын 5 секундда нокаутка учуратты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekish-
2019-07-07 21:42:43
Крассавчик
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан