Футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда АКШ курамасы жеңүүчү аталды

Футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда АКШ курамасы жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Франциянын Лион шаарында өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында АКШнын командасы Нидерландынын спортчуларын 2:0 эсебинде жеңди.

Биринчи голду оюндун 61-мүнөтүндө Меган Рапино тепсе, экинчи топту атаандашынын дарбазасына Роуз Лавелль киргизди. Ушуну менен АКШнын курама командасы төртүнчү ирет дүйнөлүк мелдеште чемпион болду. 2015-жылы Канадада өткөн мундиалда да америкалык кыз-келиндер биринчи орунду ээлешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан