Кыргыз балбандар Азия чемпиондугунда күч сынашат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчилик 9-июлдан 14-июлга чейин Таиланддын Чонбури провинциясында өтөт. Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан кыздар, балдар, жалпысынан 16 спортчу катышып, алар грек-рим, эркин күрөш боюнча ат салышат.
Ата мекендик балбандарды аталган чемпиондукка катыштыруу үчүн мамлекет тарабынан 2,5 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.