Хуа Мулань жөнүндөгү балладанын негизинде тартылган "Мулан" тасмасынын алгачкы трейлери жарык көрдү. Аталган трейлер социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, көпчүлүккө белгилүү "Мулан" мультфильми "Walt Disney Pictures" студиясы тарабынан 1998-жылы тартылган. Ал эми жакында көрүүчүлөргө "Мулан" тасмасы тартууланат.
Тасманын сюжети мультфильмдегидей эле Фа Мулан аттуу кыздын айланасында жүрөт. Кыз атасынын ордуна согушка жөнөйт.
Эркек баланын кийимин кийип алган кыз машыгуулар жүрүп жаткан лагерге барат. Ал лагерде гунндардын падышасы Шань-Юну өлтүрүү үчүн машыгат.
Тасмада Муландын ролун Лю Ифэй аткарган, режиссёру Ники Каро.
Аталган тасмада кыргыз каскадёрлору да роль жараткан.