
Филиппиндик жаран тирүү балык жеп алып, дем жетпей каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
"49 жаштагы Роджер Марселино аттуу жаран 11 жаштагы баласы менен балык уулаганга барган. Ал капысынан тирүү балыкты жеп алып, балык тамагынан ары өтпөй тыгылып калган. Дем жетпей кыйналган жаран үйүнө чейин жетип, аялынан жардам сураган, бирок ал күйөөсүнүн тамагына тыгылып калган балыкты чыгара албай койгон. Медицина кызматкерлери кеч келип, өз убагында жардам ала албаган жаран дем жетпей каза болгон", - деп айтылат маалыматта.