Кыргыз шахматчысы Дария Кудайназарова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Шахмат федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, Дүйнө чемпиондугу АКШнын Черри-Хилл шаарында 9-июлдан 15-июлга чейинки аралыкта өтөт. Аталган мелдешке Кыргыз спортчусу шахмат боюнча күчүн сынайт.
Дария Кудайназарова аталган чемпиондукка ушул жылдын апрель айында өткөн өлкө чемпиондугунда жеңүүчү болуп, жолдомо алган.