Өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугуна бара тургандар аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, биринчилик бүгүн, 9-июлдан 14-июлга чейин Таиланддын Чонбури провинциясында өтөт. Мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан кыздар, балдар, жалпысынан 16 спортчу катышып, алар грек-рим, эркин күрөш боюнча ат салышат.
Кыргыз курамасынын тизмеси:
55 килограммга чейинки салмак ченинде – Куттубек Абдыкерим уулу;
60 килограммга чейинки салмак ченинде – Бекназар Бакытбек уулу;
63 килограммга чейинки салмак ченинде – Нурсултан Махмудов;
70 килограммга чейинки салмак ченинде – Нуржигит Кеңешбек уулу;
72 килограммга чейинки салмак ченинде – Алмазбек Бегалиев;
77 килограммга чейинки салмак ченинде – Акылбек Талантбеков;
82 килограммга чейинки салмак ченинде – Даулет Айдарбеков;
87 килограммга чейинки салмак ченинде – Азат Салидинов;
97 килограммга чейинки салмак ченинде – Данияр Шеримбеков.
Машыктыруучу – Шухрат Ушуров.