Кыргыз спортчусу Эрлан Шеров Италияда өткөн Дүйнөлүк Универсиадада 5-орунду алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Шеров 90 килограммга чейинки салмак ченинде Япониядан келген спортчуга жеңилип, медалдарга болгон жарыштан четтеген.
Ал эми абсолюттук салмак ченинде Шеров Польша, Египет, Беларусь өлкөлөрүнөн келген спортчуларды жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда дзюдочу Казакстандан келген спортчуга жеңилип, 3-орунга болгон беттеште да голландиялык спортчуга жеңилип калган.
Жыйынтыктоочу протоколдо Шеров 5-орунду ээлеген.