Мирбек Атабеков талкуу жараткан чыгармасынан кийин дагы жаңы ырын күйөрмандарына тартуулады

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жаңы чыгармасынын бет ачарын өткөрдү. Чыгарма ырчынын Ютубдагы каналына жүктөлгөндөн кийин катталуучуларынын саны 100 миңге жетти. "Жыргалымсың" аталышындагы чыгарманын үстүнөн көп убакыт иштедим деген ырчы буларга токтолду.

"Күйөрмандарыма "Бай болгом" деген чыгармамдан мурда ушул ырымды тартууламакмын. Бирок ал чыгарма шашылыш түрдө чыгып калды. "Жыргалымсың" аталышындагы ырдын биринчи аранжировкасы, андан кийин обону даяр болгон. Кийин Акбар Кубанычбеков экөөбүз текстин жаздык. Ыр жазылгандан кийин 2 ай анын үстүнөн иштедик. Чыгарманы толук иштеп чыгып Ютуб каналыма жүктөп, катталуучуларымдын саны 100 миңге жеткенде бет ачарын өткөрөм дегем. Сөзүмө туруп, ырымдын бет ачарын өткөрдүм. Чыгармамды каналыма жүктөгөндөн кийин 2 апта аралыгында 25 миң колдонуучу катталды. Эми кийинки ырымды каналыма катталгандардын саны 200 миңге жеткенде жүктөйм", - дейт.

Жакында эле Мирбек Атабеков күйөрмандарына "Бай болгом" чыгармасын тартуулаган. Ыр угармандар арасында дароо эле талкууга алынып, "мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана айрым саясатчылардын арманы" дешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
oSporte
2019-07-09 17:21:36
Азыр блогерлердин баары эле ушундай болуп калды. Мынча подписчик болгондо жүктөйм деп. Мамикс баштап берди окшойт
+6
Nurkyz1977
2019-07-09 17:25:36
Ырдаса койсо оз эрки элге милдет кылабы? Эмне эч ким катталбай койсо чыгармачылыгын токтотуп коёт беле обу жок болуп бара жатасынар ушу силерге танкалып бутпой койдук. Ар бир баскан изинер,жасаган ишинер озунор учун. Ырынар менен нан таап жеп, бала чака багып, дос тууган менен мамиле кылып жатасынар. Карапайым дыйканбы?же башка адамды?баары озу учун бироо учун эмес.
+15
Kyrgyz_bloger
2019-07-09 17:46:54
Nurkyz1977,ал жактан дагы акча тапкысы келип жатат да,катталуучулары коп болсо акча иштейт.
+9
Tolkun555
2019-07-09 17:40:31
Козубуз торт болуп кутуп жатабыз. Тез жукточу.
0
bond02
2019-07-09 20:04:30
Базарчы болуп кеткен окшойсун Мирбек.
+10
katerina.li
2019-07-10 11:17:39
Мирбек жакпайт
-1
munduz2016
2019-07-10 12:52:10
Иляздын ырын гана угамын мунун аткаруусунда. Күйөрмандары көп болсо млнго деле жетет подписчиктери. Ийгилик каалаймын! !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан