8-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны суракка чакыруу кагазы жеткирилген. Бирок ал суракка барбай турганын айтып, бийликти укуктук талаага, ченемге барууга чакырган. Жактоочусу түшүндүргөндөй, суракка чакыруу кагазы Атамбаевдин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес, партиянын өкүлүнө тапшырылган. "Бул чакыруу Атамбаевди Жогорку Кеңеш экс-президент статусунан ажыраткандай эле мыйзамсыз" деди адвокат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова жооп берди.
"Мыйзамдын алдында баары тең болушу керек. Мыйзамга баш ийүү зарыл, ал эми качып жатканы, албетте, туура эмес. Эгерде мыйзамга баш ийбей турган болсо, баш тартып жатса, ал мажбурлап алып келинет. Буга чейин Алмазбек Атамбаев "мыйзам бузулуп жатат" деп айтты, эгер анын кандайдыр бир дооматтары, нааразычылыктары болсо, сот турат, ага кайрылса болот.
Менимче, учурда суракка баруудан баш тартып жатканы туура эмес, себеби ал мурунку өлкө башчы катары карапайым калкка жаман үлгү көрсөтүп жатат. Буга чейин "көп тармакта реформа жасадым, башкасын кылдым" деп көп айтып келген, ал эми учурда эмнеден коркуп жатат?" - дейт Сооронкулова.