Балбан Акылбек Талантбеков өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди

Кыргыз балбаны Акылбек Талантбеков Таиландда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңди. Ал 77 килограмм салмакка чейинки категорияда финалга чейин өзбек жана кытайлык спортчуларды уткан.

Финалда ирандык балбан менен күрөшүп, 3:0 эсебинде жеңип жаткан. Бирок экинчи бөлүктө 6 упай алдырып, 3:6 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Жыйынтыгында Акылбек Талантбеков күмүш медалга татыды.

Бул медаль Кыргыз спортчулары үчүн аталган чемпиондукта алгачкысы болду. Нурсултан Махмудов (77 килограмм) менен Азат Салидинов (87 килограмм) коло байге үчүн беттештерде жеңилип, өз салмак категорияларында 5-орунду алып калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан