Түркиялык имам музыкага болгон сүйүүсү үчүн кызматынан бошотулду

Түркиялык имам Ахмет Мүхсин Түзер музыкага болгон кызыгуусунун айынан кызматынан айдалды. Ал имамдык кызматына кайра келүү үчүн сотко арыз жазганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ахмет Мүхсин Анталиядагы Каш шаарындагы мечиттердин биринде имам болуп иштеп жүргөн. Ал мамлекеттик кызматты аркалай албайт деген жүйө менен жумушунан бошотулган. Ал эми Ахмет Мүхсин жумуштан айдалышына "FiRock" деген музыкалык топ түзгөнү себеп болгонун айтат. Анткени буга чейин дин башкармалыгы ага чыгармачылык менен алектенүүгө бир нече жолу тоскоолдук кылууга аракет кылышкан.

"Анталия райондук соту менин арызымды кабыл алуудан баш тартты. Жакында апелляциялык арыз берем. Түркияда адилеттүүлүккө жете албасам Европанын сотуна арызданам, бирок музыканы таштабайм", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KyrgyzstanBishkek
2019-07-09 21:31:35
Тообо.Мисалы Чубак ажы гитара менен ырдап атат.
Анан айтат да дин душмандары,имамдар тигиндей мындай деп.
Имам деген созго бул турк татыктуу эмес.
+8
Momun...
2019-07-09 22:18:38
Шайтанама
+3
Bekturbek
2019-07-09 23:43:59
Азыркы поп,рок батыштын музыкалары, клиптери адамдарды кайжака алып барыш түшүнгөнүбүздөбү,музыканы укмак эмеспиз!!!
+6
din_tomas
2019-07-10 07:02:20
Bekturbek,интернетке да кирбейт элеңиз
0
talant87
2019-07-10 09:48:15
Ошого молдонун айтканын кыл кылганын кылба деген
+1
monster_high_98
2019-07-10 10:07:37
Бул деле адам го,силер деле журосунорго интернетте
-2
Aidaraly
2019-07-10 14:16:13
Имам деле пенде го. Ар бир Адам кызыккан нерсеси болот да Аны эч ким тыя албайт музыкага болгон кызыгуу де суйуу Жан дуйного тынчтык бербейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан