ЖРТдан өлкө боюнча 3-орунду алган Аида Борукулова: "Тестке киргенде эле 200дөн жогору балл алам дегем"

Жалпы республикалык тестирлөөдө өлкө боюнча алдыңкы үчтүктөн орун алган Аида Борукулова айылдагы мектепте билим алган. Ал кантип "Алтын сертификат" алгандыгы тууралуу SUPER.KG'ге айтып берди.
- Аида, саламатсызбы? ЖРТдан өлкө боюнча үчүнчү орунду багындырышыңыз менен куттуктайбыз! Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Лейлек районунун Тайлан айылынан болом. 11-классты Исфана шаарындагы №1 гимназиядан аяктадым. Атам Бахадыржан Бердиев айыл башчы болуп эмгектенет, апам Жылдызай Бердиева медицина кызматкери.
- Алыскы аймактагы мектепте окуп, ЖРТдан өлкө боюнча үчүнчү болуу оңой эмес болсо керек?
- 9-класстан баштап эле ЖРТ боюнча маалымат чогулта баштагам. Себеби тестирлөө келечектеги кесипти тандоого жакшы жол ачат. Ошондуктан даярданууну эрте баштагам. Мындан тышкары мага мугалимдерим жардам беришти, багыт көрсөтүштү. Ата-энем дагы шарттарды түзүп берди.
- Өлкө боюнча үчүнчү орунду же болбосо "Алтын сертификат" алам деп күттүңүз беле?
- Даярдыгым жакшы болгондуктан тестке киргенде эле 200дөн жогорку балл аларыма ишендим. Себеби тест белгилөөдө да кыйынчылыктар болгон жок. Бирок өлкө боюнча үчүнчү болом деп ойлогон эмесмин.
- Тестке даярданууда эмнеге көбүрөөк басым жасадыңыз?
- Буга чейин "Алтын сертификат" алган бүтүрүүчүлөрдүн маектерин окуп чыккам. Алардын көпчүлүгү адабий китептерди окуп чыгууну сунуштаптыр. Ошондуктан мен да даярданууну адабий китептерди окуудан баштагам.
- Кайсы кесипти аркалап, кайсы тармакта билим алсам деп жатасыз?
- Кичинекейимден эле дарыгер болом деп келем. Бул оюм азыр деле өзгөргөн жок. Буюрса медициналык факультетке тапшырайын деп жатам.
- Мектепте "2" деген баа алып көрдүңүз беле?
- Мектепте андай баа алган эмесмин.
- Кийинки жылы мектепти аяктай турган бүтүрүүчүлөргө кандай кеңеш бересиз?
- Жалпы республикалык тестирлөөдө 5-класстан бери өтүлгөн сабактардан суроолор келет. Атайын китептер аркылуу даярданыш керек.
ЖРТдан өлкө боюнча 3-орунду алган Борукулова: "Тестке киргенде эле 200дөн жогору балл алам дегем"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан