Бүгүн, 10-июлда Кыргыз Премьер-Лигасынын 14-турдук оюндары менен экинчи айлампасы жыйынтыкталат. 4 оюн өлкөнүн 3 шаарында өтөт.
Премьер-Лиганын маалыматына ылайык, Ош шаарында "Алай" - "Дордой" беттеши орун алат. Кант шаарында "Абдыш-Ата" - "Нефтчи" жана "Академия-Лидер" - "Кара-Балта" оюндары өтсө, Бишкекте "Алга" "Илбирс" менен ойнойт. Бардык оюндар саат 18:15те башталат.
Мелдеш жадыбалында "Алай" 13 оюндан кийин 34 упай менен 1-орунда келе жатса, "Дордой" 12 оюнда 26 упай топтоп 2-орунда келе жатат.