Москвада жол кырсыгында миллионердин баласы каза болуп, такси айдаган 22 жаштагы Кыргыз жараны камакка алынды

Москвада жол кырсыгында миллионердин баласы каза болуп, такси айдаган 22 жаштагы Кыргыз жараны камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-июлга караган түнү Москвада орун алган. Анда такси менен мотоцикл сүзүшүп, экөө тең өрттөнүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилген мотоциклдын айдоочусу жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кийин ал колбаса чыгарган бизнестин ээси, миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов экени аныкталган.

"Учурда такси айдаган 22 жаштагы А.И. аттуу Кыргыз жаранына кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. 9-июлда соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кыргыз жаранынын жактоочусу орусиялык маалымат каражаттарынын бирине бул жол кырсыгы түшүп калган видеодо түшүнүксүз жагдайлар көп экенин айтып, арыз менен сотко кайрыла турганын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Каза болгон Александр Маругов 2018-жылы орусиялык каналдардын бириндеги ток-шоуго катышып, ата-энесинин мамилеси начар экенин айтып, өз жашоосу үчүн "күйүп" кетүүдөн корко турганын айтканы маалым.

Орусиядагы кырсыкка Кыргыз жараны айыпталууда
Москвада жол кырсыгында миллионердин баласы каза болуп, кыргыз жараны камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Kuba-savai87
2019-07-10 13:52:12
Женил машина куноолу болуп калыптыр. Каршы тилкедеги светавор да жашыл куйуп турганы уч машина удаа келе жатканынан байкаса болот жол эрежесин жакшы билбейт окшойт эле.
+3
Avrora2017
2019-07-10 14:03:05
Кутуруруп мотоцикл айдаган неме болсо керек суротундо эле корунуп турат конуп алыптырго мотосуна ушинтип журсо конешно олотда
-1
Sicilya
2019-07-10 14:33:36
Ээ туугандар ал жерден мен кунуго отом ал жерде дополнительный светофор жок кыргыз бала туура еле бурулган просто рашётту алалган емес встречный машиналар келгиче бурулуп кетем деген ал жерде учоо екен байкерлер алар тундосу катуу айдашат. Ал жерде тиги мотоцикл айдаган орусда куноолу 60да айдай турган жерден 80-90до келе жатканы корунуп туратго.
+8
tihonkg
2019-07-10 14:36:34
Такси куноолу экен корунуп эле турбайбы отуп кетем деп ойлогон окшойт рас отот экен газды кобуроок тебиш керек эле, катту гелейтканын коруп туруп чыгыптыр, сабр берсин эми
-1
kechirmeni
2019-07-10 15:42:57
экоонуку тен прав, бирок мотоциклде превышение скорости болуптур
+2
kechirmeni
2019-07-10 15:44:41
ошол жердеги ограничение скоростини караш керек, анан видео боюнча мотоциклдин скоростун аныкташ керек
+1
Goodyer
2019-07-10 15:50:17
мотоциклде да айып бар жогорку ылдамдыкта келген машинадада аыйып бар откоруп бурулса болмок шашпай
+2
TIMON_BERKOWITZ
2019-07-10 16:03:22
Таксист күнөлүү эмес!!!
1. Мотоцикл ПДД РФнын 10.1, 10.2, 11.1 пункттарын бузган.
ПДД РФ 11.1 запрещается обгон если впереди опасность есть деген жери бар.
2. Таксист встречканы карап чыккан. Бирок мотоцикл 10.2 пунктту бузгандыгы үчүн машинеге сүзүлгөн.
3. Мотоцикл 10.1(после абзаца) пунктка баш ийбей, опасность болгон убакта да ылдамдыкты азайткан эмес.
4.

Диванный эксперттер, пдд рф дегенди бир окуп чыксаңар аша-машьа дегенден мурда.
+16
Kaary
2019-07-10 17:04:34
TIMON_BERKOWITZ, Макул! Сен айткандай эле болуп калсынчы, ылайым!
+7
daniel87
2019-07-10 17:19:31
TIMON_BERKOWITZ,Рахмат Москоодо болсонуз жардам кылыныз,кудайым ишин женил кылсын ,баарыбызды жаратканым жамандан сактап ата энебиздин алдына кулуп жайнап кирип баралы
+7
Aza17
2019-07-10 17:32:50
.
0
meni_kut
2019-07-10 18:34:47
TIMON_BERKOWITZ,ушуну адвокатка айтсан балким калыс чечилеер.Биз чынында РФ ПДД ни билбейбиз
+6
Abdizhapar
2019-07-10 17:44:31
Такси келе жаткандарды коё берип отушу керек эле бул жерде таксист куноолуу го дейм
0
Tursunbaev2017
2019-07-10 19:59:00
Оруста дагы бар айып,ылдамдыкты сактабаган,жок эле дегенде 120-келип сүздү,аркасындагы машиналар жай эле жүрүп атат
+1
janym_balam
2019-07-10 20:01:58
Байкейлер өзү тез айдашат экстремал болушуп.
+3
Tursunbaev2017
2019-07-11 11:26:55
janym_balam,байкер
0
warcaw
2019-07-10 20:11:33
А дейбиз б дейбиз өлгөн адам күнөөлү болбойт, тирик калган адам күнөөлү болот.
Кандай болгон учурда дагы такси күнөөлү, андай жолдо катуу ылдамдыкта жүрүшөт да,көзү жетпейби красный чыракты күтүш керек эле.
+1
airada
2019-07-11 15:57:50
Аман эсен оз мекенине келсин.
Не жанылыктар бар экен деп карасам бут начар кабарлар го
0
KaGaH
2019-07-12 08:17:55
Таксист күнөөлүү баарын өткөрүп анан бурулат по пдд дополнительный стрелка жок болсо,үстү жакта бирөө акылдуусунуп кктиптир мотоциклчен күнөөлүү деп,андай эмес катуу келеби жай келеби айырмасы жок,баарын өткөрөсүң Москвада жаш балдар таксини булгап бүтүштү же жол эрежесин билишпейт же шаарды билишпейт сөз жок кыскасы
0
Samandar
2019-07-12 15:17:35
Шашбай карап сол парды жагып кутоо турсаго жол бошомок же кызыл куйсо деле бурулса болот эле женил унуа анан да тигилер ото катуу ылдамдыкта экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан