Ырчы Съездбек Искеналиев "Кыргыз ааламы" чыгармасына тартылган анимациялык клибинин бет ачарын жасады. Бул клип кыргыз шоу-бизнесиндеги экинчи анимациялык клип болду. Мындай эмгекти жаратууга 3 жылдан ашык убакыт сарпталганын айткан ырчы буларга токтолду.
"Патриоттук дем берген чыгарманын сөзүн даярдап, ырды жаздырганга 3 жыл убакыт кетти. Чыгармага адаттагыдан өзгөчө клип тартайын деп анимациялык кылууну чечтим. Клипти тартууга 3-4 ай убакыт кетти. Анимациялык клиптин кандай болгонун көрөрмандарым, күйөрмандарым баалайт", - деди ал.
"Кыргыз ааламы" чыгармасынын сөзү Акбар Кубанычбековго, обону Съездбек Искеналиевге таандык.
Кыргыз шоу-бизнесинде биринчи болуп анимациялык клипти Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Сүйөм сени" чыгармасына тарттырган.