Жалал-Абад облусунда 3 тоннага жакын кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Нурдин Жээнтаев билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык масштабда өткөрүлүп жаткан эл аралык баңгизатка каршы "Желе" иш-чарасынын алкагында, Тогуз-Торо жана Аксы РИИБинин кызматкерлери тарабынан жапайы кара куурайлар жок кылынууда.
"Иш-чараны жүзөгө ашыруу максатында Тогуз-Торо районунун аймагында жапайы өскөн жалпы - 7 гектар аянттан кара куурай чабылып, 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү. Ал эми Аксы районунун аймагынан 1,5 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынды", - деп билдирди Жээнтаев.
Аталган профилактикалык иш-чарага милициядан сырткары айыл өкмөттөн, элдик кошуундан, жергиликтүү тургундардан жана чек аралаш жайгашкан аймактардын чек ара кызматынын жоокерлери да катышып, жеринде АКТлар түзүлдү. Мындай иш-чара облустун башка шаар, райондорунда дагы өткөрүлүүдө.