Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Кол коюлган документтер:
- "Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дареметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү" экономикалык долбоору боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;
- Суу менен камсыздоо системин калыбына келтирүү долбоору боюнча өкмөттөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруу системин бекемдөө" долбоору боюнча өкмөттөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;
- "Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү" долбоору боюнча өкмөттөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;
- Суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өкмөттөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ.