Тайырбек Сарпашев: "Азыр административдик ресурсту колдонуу мүмкүн эмес"
Учурда шайлоону өткөрүү боюнча штабдын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча маалымат-жыйын өткөрүүдө. Анда вице-премьер-министр административдик ресурсту колдонууга мүмкүн эместигин айтты. "Азыр бийлик 5 партиянын колунда. Мисалы, бир губернатор "Республика" партиясынан шайланса, бир губернатор дагы бир партиядан. Андыктан административдик ресурстар колдонулуп жатат деген жыйынтыкка келүү оорураак",- деди Тайырбек Сарпашев. Ошондой эле өкмөт башчы административдик ресурс колдонулуп жаткандыгы боюнча маалыматтарды текшерүүдө тастыктоолор болбогонун билдирди.