Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияда иш сапары менен жүргөндө Орусиянын башчысы Владимир Путин аны менен Москвада жолугушары белгилүү болду. Мындай иш сапар пландалып жатканы буга чейин айтылган эмес. Бүгүн, 11-июлда Кремлде алардын жолугушуусу өтөт. Орусиянын президентинин басма сөз кызматы анда эмне маселелер талкуулана турганын маалымдаган жок.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?" деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.
Анын айтымында, учурда дүйнөдө саясий кырдаал кескин өзгөрдү. "Өз убагында Атамбаев да, Жээнбеков да Москвадан колдоо издешкен, бирок Москва бейтарап позицияны тандаган. Кремлдин басма сөз катчысы Песковдун "биз Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишпейбиз" деп айтканы буга далил. Бирок учурда геосаясий кырдаал кескин өзгөрдү. "Чоң жыйырмалык" (G20) саммитинен кийин дүйнөлүк масштабда абал туруксуз боло баштады. Мисалы, Гонконгдо митингчилер парламент имаратын басып алышты, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Улуу Британиянын элчисинин ортосунда жаңжал чыкты, Грузиядагы чуу жөн жерден чыккан жок, Казакстанда да болуп жаткан окуялар кокустук эмес", - деди Сариев.
Саясат таануучу Москва Кыргыз өлкөсүнүн экинчи Ооганстанга айланып кетишин каалабай турганын айтты.
"Эгер буга чейин Москва талаадагы эки жолборстун мушташын дөңдөн карап отурган акылдуу маймылдай болуп келсе, эми азыр бейтарап позиция ага жеңиш алып келбей турганын түшүндү. Атамбаев менен Жээнбековдун тирешин айрым ири глобалдык оюнчулар пайдаланып, Борбор Азиядагы абалды туруксуз кылышы мүмкүн. Казакстанда процесстер башталды, Кыргыз өлкөсү өтө коркунучтуу абалда. Атамбаев бийликти тааныбаган "талаа командирине" айланып баратат. Эгер аны күч колдонуу менен кармап кетүү аракети болсо, анда курмандыктар болот. Мындан улам анын тарапташтары көбөйө баштайт, коңшу айылдар ага кошулуп, түндүк-түштүк аймактык бөлүнүү күчөшү ыктымал. Ошентип Атамбаевдин чоң ресурсу пайда болот, Кыргыз Республикасы "талаа командирлеринин" өлкөсүнө айланып калат.
Москваны Грузияда болуп жаткан кырдаал тынчсыздандырып жатат, Путин чагымчылдыкка алдырбай турганын көрсөттү. Буга чейин Арменияда, Украинада эмне болгонун баарыбыз көрдүк. Ооган-Тажик жана Ооган-Түркмөн чек арасында кырдаал коркунучтуу, талибдер Ооганстандын түндүк аймактарын басып алышты, өкмөттүн аскер күчтөрү жеңилип жатат. Демек, тышкы коркунучтар бар, Кыргыз өлкөсү аларга туруштук бере албайт. Москва Кыргыз жергесинде жаңжалдын курчуп кетишин каалабайт", - деди Сариев.