Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - Кыргыз Премьер-Лигасында 14-турдук оюндар жыйынтыкталды. Алардын биринде Ош шаарында "Алай" учурдагы чемпион "Дордойду" кабыл алды.
Оюндун жүрүшүндө "Алай" эсепти ачып, чемпиондуктун мыкты бомбардири Кожо Жоэл пенальтиден гол киргизди. Оюнга кошумча берилген мүнөттөрүндө "Дордой" эсепти теңеп тим болбой, жеңиштик голду да киргизгенге үлгүрдү. Оюн жыйынтыгы 2:1 эсебинде Крестининдин шакирттеринин пайдасына чечилди.
"Алай" бул жеңилүүгө карабай турнирдик жадыбалда 1-орунду сактап калды. "Дордой" экинчи сапта келе жатат.
14-турдук оюндар:
"Алай" - "Дордой" - 1:2
Голдор: Кожо Жоел, пенальтиден 78 (1:0), Эрнист Батырканов, 90+2 (1:1), Муролим Ахмедов, 90+3 (1:2)
"Абдыш-Ата" - "Нефтчи" - 2:1
Голдор: Алимардон Шукуров, пенальтиден 20 (1:0), Элдар Молдожунусов, 62 (1:1), Атай Жолдошбеков, 70 (2:1)
"Алга" - "Илбирс" - 1:1
Голдор: Гүлжигит Бөрүбаев, 17 (0:1), Манас Жутанов, 34 (1:1)
"Академия-Лидер" - "Кара-Балта" - 0:4
Голдор: Канат Акматов, 31 (0:1), Назар Исаков, 39 (0:2), Эмир Шигайбаев, 45 (0:3), Назар Исаков, 56 (0:4)
Турнирдик жадыбал: