Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияда иш сапары менен жүргөндө Орусиянын башчысы Владимир Путин аны менен Москвада жолугушары белгилүү болду. Мындай иш сапар пландалып жатканы буга чейин айтылган эмес. Бүгүн, 11-июлда Кремлде алардын жолугушуусу өтөт. Орусиянын президентинин басма сөз кызматы анда эмне маселелер талкуулана турганын маалымдаган жок.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?" деген соболуна саясат таануучу Игорь Шестаков жооп берди.
Анын пикиринде, Путин менен Жээнбековдун жолугушуусунда коопсуздук жана экономика маселелери талкууланышы мүмкүн.
"26-июнда Бишкекте ЖККУнун коопсуздук кеңешинин катчыларынын саммити өткөн. Анда орусиялык чиновниктердин бири ЖККУнун аймагында түстүү революциялар күтүлүүдө деп айткан. Бул революциялар боло турган мамлекеттердин катарында Кыргыз Республикасы аталган. Ошондуктан Путин менен Жээнбеков ушул коркунучтарды талкуулашы мүмкүн.
Акыркы айларда Кыргыз жергесинде кырдаал тынч эмес. Жакында оппозициянын митинги өттү. Кыргыз Республикасы - ЖККУнун жана ЕАЭБдин мүчөсү. Бул уюмдарда Орусия башкы ролду ойнойт, ошондуктан Москва үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү коомдук-саясий туруктуулук маанилүү.
Ошондой эле Орусия - Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөшү. Жакында март айында Путин Бишкекке келгенде Кыргыз өлкөсүнө 1,5 миллиард долларлык инвестиция берүү талкууланган. Бүгүнкү жолугушуусунда бул маселе да көтөрүлүшү мүмкүн", - деди Шестаков.