Жалал-Абадда чарчап калган 2 жашар кызга жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты

Жалал-Абадда оор абалда ооруканада жатып чарчап калган 2 жашар кызга жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"Чыккан экспертизанын жыйынтыгында тергөө тарабынан коюлган суроолорго толук кандуу жооп болгон жок. Мындан улам комиссиялык түрдө ар тараптуу жана объективдүү жыйынтык алыш үчүн кайра Бишкек шаарына жөнөтүлдү. Учурда жообун күтүүдөбүз. Ал эми экспертизанын жөнөтүлгөнүнө 10 күн болду", - деди басма сөз кызматкери.

Окуянын чоо-жайы:

7-май күнү Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөнү белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Буга чейин кыздын абалы өтө оор деп бааланып келген. Анын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан. 20-майда оор абалда жаткан кыз чарчап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
asdef
2019-07-11 15:38:13
Дагы эле ошо экспертиза чыкты дейт окусан эле жыйынтыгы чыга элек тергоо тобу паландай тогундой
+16
madina.87
2019-07-11 16:39:49
Бул наристени уруп өлтүргөн өгөй таэнесинин туугандары прокуратурада иштейт экен. Эч качан чындык чыкпайт,кайран бейкүнөө наристе өлүп кете берди.Аллах жазасын берсин канкордун
+11
adiaza
2019-07-11 17:14:21
Муну кандай тушунсо болот экспертизанын жыйынтыгы чыкты деп жазып окусан чыга элек
+10
Avrora2017
2019-07-11 17:21:12
Бети жоктор лишьбы эптеп ишти жаап салыш керек буларга, наристенин арбагы урсун силерди башка соз жарашпайт силерге наадандар
0
Ippuni
2019-07-11 17:58:12
Кыздын (наристе) оз атасы кайда экен? Качан болсо эне-бала гана кор болуп атканы.Баланы жасап коюп атасы деги аты аталбай калат копчулук учурда.Ошондой аталарды да жазага тартуу керек , жоопкерчиликти моюнга алганды уйронушсун!
+5
Begimay.emir1
2019-07-11 21:46:10
Бишкеке жонотулду... ким наристенин денесиби? Урганы корунуп турат, анан неге баланын соогун кесип атышат. Байкуш кызды жайына койгулачы.
+2
elchi84
2019-07-12 00:57:02
Мне экспертиза Айга Марсга жонотуп жообун кутосунорбу мынча кеч.
+2
Elimeli
2019-07-12 11:23:29
Теманы туура коюнуздарчы супер инфо
+3
meni_kut
2019-07-12 11:33:37
Админ кана жыйынтык??Жыйынтык жок болсо эмнеге чыкты деп жазасынар?Эптеп эле тема чыгарыш керекпи?
+1
damir007
2019-07-12 11:45:15
meni_kut, Чыккан экспертизанын жыйынтыгында тергөө тарабынан коюлган суроолорго толук кандуу жооп болгон жок.деп жатат гооо
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан