Кыргыз киберспортчулары байгеси 26 миллион доллар болгон турнирге катышат

Кыргыз киберспортчулары байгеси 26 миллион доллар болгон турнирге катышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта турнирдин байге фонду 26 миллион 500 миң долларды түзөт, бирок ал дайыма өсүп турат.

"The International 2019" 15-августтан 25-августка чейин Шанхайда өтөт. Кыргыз спортчулары Украинанын "Natus Vincere" уюмунун курамында ойношот. КМШ өлкөлөрү үчүн финалдык квалификациясында алар Орусиянын "Winstrike" командасын 3:0 эсебинде утуп, "The International" турниринде ойноого мүмкүнчүлүк алышкан", - деп жазылат маалыматта.

Евгений Ри "Natus Vincere" командасынын курамында 2018-жылдын сентябрынан бери ойноп келет. Бакыт Эмилжанов бул жамаатка 2019-жылдын апрелинде кошулган.

Natus Vincere командасы The International турнирин 2011-жылы уткан. Ошол маалда команда турнирди уткандыгы үчүн миллион доллар алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2019-07-11 14:55:11
Кудай колдосо боп кетет экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан