Кыргыз футбол федерациясы "Абдыш-Ата" жана "Илбирс" клубдарына кичи автобустарды тапшырды

10-июлда Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канат Маматов жана Кыргыз Премьер-Лигасынын директору Михаил Толкачев "Абдыш-Ата" жана "Илбирс" футболдук клубдарына бирден кичи автобус тапшырды. Бул "FIFA Forward" долбоорунун алкагында өлкөнүн клубдук футболун өнүктүрүү максатында ишке ашырылды.

"Бул транспорттор тоолуу аймактарда жол жүрүүдө командалардын керегине жарап берет деп ишенем" деп Канат Маматов белектерди берди.

Буга чейин ушундай кичи автобустар "Алга", "Алай", "Нефтчи", "Кара-Балта", "Дордой" жана "Академия" футболдук клубдарына тапшырылган.

Кыргыз Футбол федерациясы Кыргыз Футбол Лигасы менен биргеликте "FIFA Forward" долбооруна билдирме таштап, берилген каражаттарга 8 кичи автобус сатып алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bekish-
2019-07-11 15:23:40
Молодец ийгилик дальше
+1
moskyrsat
2019-07-11 15:57:31
Баары бата турган чонунан эле тапшырбайбы ушунча болуп калды
+1
bessmertiy
2019-07-11 16:58:57
moskyrsat, Спринтер Делфин экен. 18 месталуу. Командалар оюнга 15-18 оюнчуларын алып барышат. Батат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан