Депутат Ирина Карамушкина: "Путин Атамбаевге байланыштуу маселени кайдыгер карап тура албайт". КҮНСОБОЛ

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияда иш сапары менен жүргөндө Орусиянын башчысы Владимир Путин аны менен Москвада жолугушары белгилүү болду. Мындай иш сапар пландалып жатканы буга чейин айтылган эмес. Бүгүн, 11-июлда Кремлде алардын жолугушуусу өтөт. Орусиянын президентинин басма сөз кызматы анда эмне маселелер талкуулана турганын маалымдаган жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди.

"Бул чынында күтүүсүз чакыруу болду жана расмий эмес сапар экенин билем. Себеби кандайдыр бир расмий жолугушуулар пландалган эмес. Бул достук жолугушуу болсо керек деген ойдомун. Жолугушууда Кыргыз өлкөсүндөгү азыркы кырдаал сөзсүз көтөрүлөт. Себеби Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүндөгү абалды көрүп, ага деле бул нерсе жагымсыз болуп жатса керек.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бергенин коңшу өлкө башчылары, эл аралык байкоочулар дагы көргөн. Андан кийин башталган нерселер учурда баарын тынчсыздантып жатса керек. Орусия үчүн биз жакынбыз, алар бизге буга чейин көп жолу жардам берип келишкен. Ошол себептен Путин үчүн өлкөбүздө тынчтык болуп, мындан ары да өнүгүшүбүз зарыл жана азыркы абалга ал кайдыгер карап тура албайт. Мындан сырткары, Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаев жакшы мамиледе болуп келген. Ал деле, башка өлкөлөр деле учурда канчалаган мыйзам бузуулар болуп жатканын көрүүдө. Буга байланыштуу Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусунда Атамбаевге байланыштуу маселе сөзсүз түрдө көтөрүлөт деген ойдомун", - дейт Карамушкина.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан