Эльдияр Кененсаровдун мурдагы жубайы "Азия Микс" командасынын жаңы клибине тартылды

"Азия Микс" КВН командасынын жигиттери түптөгөн "BOOGOO" музыкалык тобу "На лайте" аталышындагы клибин күйөрмандарына тартуулады. Клип кум жээкте жана чытырман токойдо тартылган. Анда башкы каармандын ролун Эльдияр Кененсаровдун мурдагы жубайы Камила Абдил жараткан.

"Куттуктайм! Эльдияр Кененсаров, Рысбек Бокеев силер менен чогуу иштөө - бул чоң тажрыйба. Менин дагы бир балалык кыялым ишке ашты. Клипте мен индей уруусунун башчысынын кызынын ролун жараттым", - деген Камила Абдил.

Ал эми Эльдияр Кененсаров чыгарманын музыкасы биринчи даяр болгонун, тексти көп убакыттан кийин жазылганын билдирген.

Чыгарманын сөзүн Ислам Сагынов, Эльдияр Кененсаров жана CASPER жазган. Ал эми обону Азамат Такырбашов менен Эльдияр Кененсаровго таандык. Клиптин режиссёру Рысбек Бокеев.

Былтыр ноябрь айында Камила Абдил жолдошу менен 1 жыл мурда ажырашып кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Көп өтпөй эле Кененсаров дагы ажырашып кеткендигин ырастап, билдирүү жасаган. Түгөйлөрдүн ортосунда бир уул, бир кызы бар.

BOOGOO (АЗИЯ Микс) ft IZI - Na Laite (Tengri) 2019
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
TIMON_BERKOWITZ
2019-07-12 00:46:41
Камила Абдил секси негизи!
+4
Sogushov
2019-07-12 04:23:49
Карып калыптыр го атак музыка и клип жакты
0
Kasym_1
2019-07-12 14:26:10
Жарашкыла,балдарды ойлогула.
0
Siren.ms
2019-07-12 18:02:47
Булар ажырашуу ушагы менен пияр кылалы деген ойлору бар экенда азыр моодаго ажырашуу деген тем более звезда чалыштарга
+1
meni_kut
2019-07-12 18:41:41
Экини торосо да, ичи торой элек кыздардай го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан