Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцарияда иш сапары менен жүргөндө Орусиянын башчысы Владимир Путин аны менен Москвада жолугушары белгилүү болду. Мындай иш сапар пландалып жатканы буга чейин айтылган эмес. Бүгүн, 11-июлда Кремлде алардын жолугушуусу өтөт. Орусиянын президентинин басма сөз кызматы анда эмне маселелер талкуулана турганын маалымдаган жок.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Путин Жээнбековду эмне үчүн жолугушууга чакырды деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жооп берди.
Анын айтымында, Кыргыз жана Орус президенттери талкуулай турган маселелер көп.
"Кыргыз Республикасы үчүн Орусия стратегиялык өнөктөш катары маанилүү. Эки өлкө башчылары сүйлөшө турган маселелер жетиштүү: мигранттар, экономика, саясат, коопсуздук.
Бүгүн президенттердин жолугушуусуна ылайыктуу кырдаал түзүлүп калды. Чыккан кырдаалга жараша стратегиялык өнөктөш менен сүйлөшүп туруу маанилүү маселе. Учурда бир нерсе болжолдоп жатабыз, бирок иш жүзүндө башкача болуп калышы мүмкүн. Кыргыз өлкөсүнүн тышкы жана ички коопсуздугу абдан маанилүү, ошон үчүн Орусиянын пикири менен эсептешебиз", - деди Турсунбеков.