Бишкекте тийиштүү документи жок 4105 бөтөлкө сыра табылды

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунан уруксат кагазы жок 4105  бөтөлкө сыра алынган. Бул тууралуу аталган кызматтан бүгүн, 5-августта билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жеке ишкер И.Сга тиешелүү уруксат документтерисиз кампа табылган. Анда жалпысынан 235 миң 388 сомдук сыра болгон. Материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан