Жаш акын Перизат Алмаз кызы Казакстандын Абай медалы менен сыйланды

Жаш акын Перизат Алмаз кызы Казакстандын Абай медалы менен сыйланды. Сыйлык "Казак-Кыргыз адабий-маданий алакаларын жүргүзүп, Абайды Манастын тилинде сүйлөткөнү үчүн" берилген. Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул медаль акынга Казакстандын борбору Нур-Султанда өтүп жаткан "Евразия борборлорунун жазуучулары" эл аралык форумунун алкагында тапшырылды.

4-5-июлда Нур-Султанда өткөн иш-чарага Кыргыздын атынан Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурлан Калыбеков жана жаш калемгер Перизат Алмаз кызы катышкан. Форум Казакстан жазуучулар бирикмесинин демилгеси менен алгачкы ирет уюштурулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан