Москвада 12 күн мурун суу түтүктөрү өтүүчү люкка түшүп кеткен кыз дайынсыз болууда. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 30-июнь күнү Бирюлёво сейил багында орун алган. Анда 26 жаштагы кыз байкабай суу түтүктөрү өтүүчү люкка түшүп кеткен.
"Бүгүнкү күнгө чейин ал дайынсыз болууда, учурда тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан аны издөө иштери улантылууда. Полиция дайынсыз жоголгон кыз 30-июндан бери байланышка чыкпаганын аныктаган, учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.