Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн башчысы 2000 сом пара менен кармалды. ОИИБиге Таш-Көмүр шаарынын тургуну кайрылып, төрөткана башчысы келинине аборт жасоо үчүн акча талап кылып жатканын айткан. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан башкы дарыгер иш бөлмөсүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, айыпталуучу өлкөдөн эч жакка чыкпоо талабы менен бошотулду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.