Аскер жана өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу үчүн өлкөнүн куралдуу күчтөрү атайын окуу өткөрөт

Кыргыз Республикасынын өкмөтү күч түзүмдөрүнө Ош облусунда "Сары-Таш 2019" атайын тактикалык окууларын өткөрүүнү тапшырды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуулар Алай районунда Куралдуу күчтөр, Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын катышуусунда өтөт.

"Аталган окуулардын негизги максаты мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын өлкөнүн аскер коопсуздугун камсыз кылуусун жана өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыгын жогорулатуу болуп эсептелет", - деп жазылат маалыматта.

Окууларды уюштуруу жана өткөрүү иштери Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына тапшырылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Omush94
2019-07-12 15:27:16
Мен ушуга көзүм жетпейт
0
senchi
2019-07-12 16:25:06
Өткөндө эле машыгуу болот деп болбодуго, элдерди кечиндеси чыкпагыла деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан