Чоң Чүй каналында эркек адамдын жансыз денеси табылды. Милиция аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт

Чүйдүн Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 26-июнда Чоң Чүй каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат келип түшкөн. Маркумдун кебетеси азиялык болгон болжол менен 55-60 жаштарда. Жансыз денеде күч колдонулган белгилер болгон эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай келген чачы кыска, өңү кара түстө. Көзү күрөң.

Ак көйнөк, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн.

Кимде ким сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат билсе же тааныгандар болсо милиция төмөндөгү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 (312) 60-75-67, 0 (312) 60-75-13, 0 (709) 88-07-31.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан