Кайрат Нуртастын жубайы клипке тартылып элдин сынына кабылды

Белгилүү ырчы Кайрат Нуртастын жаңы клибине жубайы Жулдыз Абдукаримова тартылып катуу сынга алынды. "Маралым" деген аталыштагы чыгармасын Кайрат Нуртас жубайына арнаган.

Белгилүү болгондой, клиптеги башкы каармандын ролун Жулдыз Абдукаримова ойногон. Клиптеги Жулдыздын образы көрөрмандардын кайчы пикирин жаратып, көпчүлүктүн сынына кабылган. Тагыраагы, сулуу, назик, мээримдүү энени клипте шайтанга окшоштуруп койгонун, образ чыгарманын мазмунуна туура келбей калганын айтышкан.

"Жулдыздын жоолук салынып, үй-бүлө мүчөлөрүнө чай куюп отурган образы керек болчу", "Үй-бүлөсүн жарнамалап жатат, мактанчаактар", "Жулдыздын бир дагы образы жаккан жок", "Өтө эле жасалма", "Мындай образы менен клипти бузуп салыптыр", "Боёнбогондо сулуу болчу. Чыгарма татынакай, жаш, назик аялзаты тууралуу экен. Бирок клипте тескерисинче, шайтанга окшошуп калыптыр", - деген пикирлер жазылган.

Ал эми айрым интернет колдонуучулары Жулдызды боёнткон визажистти жумуштан кетириш керек экенин айтып чыгышкан.

Кайрат Нуртастын жубайы клипке тартылып сынга кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Muslim.azamatovich
2019-07-12 19:21:25
Образы ото эле чектен чыккандай бирок ыр жакшы экен..жакты
+3
Klaridze
2019-07-12 20:00:00
Эми озгоргусу келгенсдир да
+3
Dembele84
2019-07-12 20:21:15
Но Нуртастын аялын сулуу деп эсептебедим)))
0
Skarlett-Skarlett
2019-07-13 16:06:48
Dembele84,Сулуу бирок жылдызы жок.Адамда жылдыз болсо эн сонун.
0
Kombi
2019-07-12 23:18:17
Просто современный тартканда.
Болот норма. Кайрат мега ырчы.
+4
Pandora
2019-07-13 02:26:00
Клипке "НЕЖНОСТЬ" жетишпейт.
+4
Duzce81
2019-07-13 11:06:28
Ырдын мааниси жакшы экен уккулуктуу.
+1
nurhan2702
2019-07-14 20:47:34
Жакшы эле тартылыптыр ,коралбагандар суйлой берет да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан