Балбан Нураида Анаркулова жаштар арасында Азия чемпиондугунда күмүш медалдын ээси болду

Таиландда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Нураида Анаркулова күмүш медаль тагынды. Ал бүгүн, 12-июлда 57 килограмм салмактык категорияда күч сынашты.

Финалга чейин Анаркулова эки атаандашын жеңип, алтын медаль үчүн беттеште япондук атаандашына утулуп калды. Жыйынтыгында Кыргыз балбаны 2-орунду камсыздады.

Ошондой эле 62 килограмм салмакта Айбике Артыкалы кызы коло байге үчүн күрөштө казак балбанына 9:11 эсебинде утулуп, 5-орунду алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан