Кызыл-Кыяда авиакассалар жайгашкан имараттын шыбын бузуп уурулукка кирип жүргөн жаран кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында авиакассага кирип, уурулук жасап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, июль айынын башынан бери түн ичинде шаарда жайгашкан авикассалардан акча жана башка баалуу нерселер уурдалып жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Кызыл-Кыя ШИИБинин ыкчам иликтөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында шектүү кармалган. Ал Ноокат районунун Көк-Жар айылынын 31 жаштагы тургуну болгон.

"Шектүү авиакассаларга түн ичинде имараттын шыбын бузуп кирип, уурулук жасап жүргөн. Териштирүү иштеринин натыйжасында шектүү Ноокат районунан дагы эки жолу уурулук жасагандыгы аныкталган. Жогорудагы фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
didu
2019-07-12 23:10:49
жетимдин бетин ачыпеле койгулачы
+1
Aroiz
2019-07-12 23:30:43
Шумдугун кургур
0
Feijipiao
2019-07-13 07:41:50
Мындай акмак 2015-жылыда кассаларга уурулукка кирген.Менин да авиакассаларыма кирип коп акча тоногон.Милициялар таба деле алган эмес Карасуунуку.Бетпактар уурулук кылбай колунар сынсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан