Талас шаарынын Жетиген аймагынан жашы болжол менен 40-45теги эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум 10-июль күнү саат 14:50 чамасында Жаңы-Чек каналынын Мырзалиев көчөсүнөн табылган. Анын денесинде эч кандай күч колдонуу белгилери болгон эмес.
Жогорудагы адамдын аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, Талас ШИИБинин 102 кызматына же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0(507) 86 52 52, 0(708) 38 83 07.