Таиландда өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 13-июлда эки коло медаль тагынышты.
57 килограмм салмак ченинде Тайырбек Жумашбек уулу чейрек финалда кытайлык Вей Лини жеңип алды. Андан кийин япониялык спортчудан утулуп калды. Коло медаль үчүн казакстандык спортчу Абзала Окенов менен беттешип, жеңишке жетти.
Ал эми 97 килограмм салмак ченинде Арсланбек Турдубеков чейрек финалда түштүк кореялык спортчуну жеңип, жарым финалда болсо түркмөнстандык спортчуга утулуп калды. Коло медаль үчүн пакистандык спортчу менен беттешип, жеңишке жетти.