Кытайдагы сынакта калыстарды жашыткан Атай Өмүрзаков жана анын командасынын бийи

Кытайда орун алган "World’s Got Talent" сынагынын финалына Кыргыз өлкөсүнөн бийчи Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу катышты. Бийчилер балдар үйүндөгү көрүнүштү бий аркылуу чагылдырышкан. Анда бала багып алуу үчүн келгендер жалаң ден соолугу чың балдарды тандап кетишет. Башкы ролдогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын образын Адина Самыйбек кызы ачып берди. Кыргыз бийчилери көрсөткөн кыздын тагдыры көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Калыстардын мүчөлөрүн да жашытты.

"Финалга биз көп убакыт даярдандык. Түнү кошуналарга уйку бербей, болгон күчүбүздү жумшадык. Ойлогон нерсенин баарын толук көрсөтө албай калганыбыз өкүндүрөт. Мунун да түрдүү себептери бар. Жасаган бардык ишибизге канааттандык", - дейт Атай Өмүрзаков.

"World’s Got Talent" долбооруна 50 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Финал 2019-жылдын 11-июлунда Кытайдын Чанша шаарында болду. Сынакта кыргыз бийчилери жеңишке жетише албаганы менен, калыстардын мактоосуна арзыды.

World’s Got Talent: Атай Өмүрзаков баш болгон кыргыз бийчилеринин номери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2019-07-14 12:40:06
Азаматсынар алга
+9
Safiya91
2019-07-14 14:12:36
aza84, кечиресиз плюс басам деп минус басылып кетти.
+5
aerforce
2019-07-14 14:54:00
Мин жакшы ойносонорда кытайдар бербейт бирди
+5
asdef
2019-07-14 15:04:37
Кыз озу да мумкунчулугу чектелгенби?
+2
Kamchybek-007
2019-07-15 02:59:51
Жашыган кытайды көргөн жокмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан