"Үмүтүм сенде эле". Көкөмерен суусуна үй-бүлөсү менен түшүп кеткен Молдакун Абдылдаевдин уулунун жансыз денеси табылды

Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин уулунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу маркумдун кызы Индира Абдылдаева билдирди.

Индира Абдылдаева интернеттеги баракчасында издөө иштерине ыктыярчылар керек экенин айтып кайрылып, маалыматтарды берип жаткан. Билдирүүлөрүндө иниси сууда жакшы сүзөрүн белгилеп, аман каларынан үмүттөнүп жатканын жазган. Бүгүн "Байкушум ай! Үмүтүм сенде эле. Иним табылды" деп жазды.

30-июнь күнү саат 13:30 чамасында Жайыл РИИБине Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткени тууралуу күбөлөрдөн билдирүү келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, унааны тапкан эмес. Унаанын ичинде 4 чоң киши жана 8 жашар кыз болгон. Үй-бүлө Суусамыр өрөөнүнө 30-июнда таңкы саат 4:00төр чамасында Кааба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине чыгып, бирок жетишкен эмес.

Маркум Молдакун Абдылдаевдин жана айдоочусунун жансыз денеси 2-июлда, ал эми небересиники 4-июлда, жубайынын жансыз денеси 10-июлда табылган.

Молдакун Абдылдаев жана анын 8 жаштагы небереси 6-июлда жерге берилген. Жубайы Тинатин Шадыканова менен уулу Илимбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июлда Кара-Жыгач айылында болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
katerina.li
2019-07-14 15:13:38
Ыйлатты го мени бугун ушу жанылык
+11
momun74
2019-07-14 18:30:00
Айдоочусу табылдыбы?
+1
Nestana95
2019-07-14 20:36:24
momun74,эн биринчи атасы м.н айдоочусун табышкан,айдоочу ж.до ун жок.....
+5
Jazdyn_tany
2019-07-15 11:49:18
Nestana95,үн жок эмес эле жерге берилди деп жанылыктарга чыккан
+2
take19
2019-07-14 18:36:19
Жогоруда айдоочусу табылды деп жазылып жүрбөйбү.
+5
pero5184
2019-07-14 19:07:27
Адамдын баарын машина деген думан кырып бүтмөй болду
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан