КИНОЗАЛ! Эксклюзив: Кылмыштардын бетин ачуудагы тоодой эмгекти чагылдырган "Агентурист" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүн "Агентурист" тасмасы толуктады. Режиссёру - Нарбото Анарбаев.

Драма, экшн, боевик жанрында тартылган тасмада крим-чөйрөдөгү кылмыштуулуктун бетин ачуудагы таштай, тоодой эмгек чагылдырылган. Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүнүн кандай ыкмалары натыйжалуу экенин көрүүгө болот.

Анда орган кызматкери мыйзамсыз курал-жарак сатып, көралбастыктын айынан жанындагы шеригинен арылып, кытмыр ишин улантат. Мамлекеттик кызматкердин мыйзамсыз иш-аракети эл ишенген чоң мекеменин аброюна шек келтиргени тасмада көрсөтүлөт.

Тасма Ош шаарында 1 ай аралыгында тартылып, анда белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев, Тимур Маматкулов, Бектур Абыл, Мурат Сатаров, Диана Алмазбекова, Эдил Бакаев, Омор Акматалиев жана башкалар роль жараткан.

Тасманы көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
monster_high_98
2019-07-14 16:25:45
Анчейин купулга толгон жок
0
Assalomuallekum
2019-07-14 17:23:30
Коруп чыктым рахмат
+2
Chungyz
2019-07-14 20:25:50
Кытайга кеткен эшектер жонундо тарткыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан